Еврозонадагы карыз кризисинен чочулоодон улам, европалык акция базарлары кайра төмөндөдү. Грецияга көп карыз бергени боюнча инвесторлор арасында тынчсызданууга байланыштуу, шаршембиде франциялык банктардын акциялары айрыкча арзандап кетти.
Европа биримдигинин куткаруу планында франциялык банктар менен инвесторлор Грециянын 15 триллион евро карызын төлөөнү кечеңдетүүгө макул болушкан.
Франциянын өкмөтү өлкө эң жогорку рейтингинен ажырайт деген шектенүүлөрдү негизсиз деп айтууда. Рейтинг агенттиктери да Франциянын 3 А рейтинги сакталып кала берет деп ишендиришти. Өткөн аптада мындай рейтингден АКШ ажырап калган. Азияда да акциялар түшүп, алтындын баасы кайрадан рекорддук деңгээлге көтөрүлдү.