Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Сирияда армиянын чабуулдарында 11 киши набыт болду


Сириялык активисттердин айтымында, армия бүгүн Түркия менен чек арадагы Саракеб шаарына жана өлкөнүн борборундагы Хомго чабуул жасады. Активисттер менен күбөлөр аз дегенде 11 киши набыт болуп, жыйырмага чукул адам жарадар экендигин билдиришти.

Аскерлер басып киргенден кийин Саракеб шаарында жарылуунун жана ок атуунун добушу угулуп турду. Бул шаар жайгашкан Идлиб дубанында президент Башар Ассаддын режимине каршы ири демонстрациялар өтүп келген. Сириядагы толкундоолордо бүгүнкүгө чейин 2 миң чакты кишинин өмүрү кыйылганы болжолдонууда. Бириккен Улуттар уюму өткөн аптада зордукчулукту "тезинен токтотууну" талап кылган.

XS
SM
MD
LG