Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Президенттикке талапкерлердин саны 54кө жетти


Бул 11-августтун кечине карата БШК тараткан маалымат. Кечээ кечинде президент болуу ниети менен Боршайкомго дагы үч киши кайрылып, бир партиядан арыз түшкөн. Алар: орус тили мугалими Мурат Боромбаев, "Ата Журт" партиясынын мүчөсү Марат Султанов, техника илимдеринин доктору Роман Оморов. Ал эми "Партиясыздардын партиясы – Аалам" партиясы өзүнүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арслан Малиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-августта аяктайт. Талапкерлерди каттоо 25-сентябрга чейин жүрөт. Шайлоого катышууну каалаган кишилер мамлекеттик тил сынагынан өтүшөт, 30 миң кол чогултууга жана 100 миң сом күрөө төлөөгө тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG