Баш прокурор Аида Салянова эки күндүк иш сапары учурунда Ош шаарында "Ош окуясынын дайынсыздар коомдук бирикмеси" жана "Ош шейиттери" коомдук уюмунун мүчөлөрү менен жолукту. Анда июнь коогалаңына байланыштуу козголгон кылмыш иштери, аларды тергеп-иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу сөз болду деп маалымдайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
А.Салянова кечээ Ош, Жалал-Абад шаарларында укук коргоочулар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушуп, аймакта адам укугунун абалына кызыкты.
Өткөн жылы июнь коогалаңынан 400дөн ашуун киши каза таап, үч миңден ашуун адам жаракат алган. Июнь окуясы боюнча беш миңге жакын кылмыш иши козголуп, анын ичинен 200ү сотко өткөн. (ZKo)