Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Дароот-Коргондо нааразылык уланууда


Дароот-Коргон айылынын 200 чамалуу тургуну кытайлык ишканалардын кен казуусун токтотуу, алардын кен иштетүүсүн текшерүү үчүн атайын комиссия түзүү талабы менен Ош – Сары-Таш –Кара-Мык жолун тосууну улантышууда.

Нааразылык болуп жаткан жерден кабарчыбыз маалымдагандай, дарооткоргондуктар түнү да тарабай, жолго чатыр тигип алып, отурушат.

Мурда кабарлангандай, Дароот-Коргондогу алтын кенин 2008-жылы түзүлгөн келишимге ылайык казып жатышкан Кытайдын "Азия голд интепрайс" жана жергиликтүү "Интербизнес.кж" ишканалары уран иштетип жатышат деген шек менен жергиликтүү эл 4-августтан бери кенге каттаган унааларды өткөрбөй жатышат.

Жол тоскондор ушул тапта жогорку бийликтен жооп күтүшүүдө. Ошондой эле алар кыргыз өкмөтүнөн, жергиликтүү элден жана Кытай тараптын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, кен иштетүүнү текшерүүнү сурашууда. Бир аптадан бери жол тоскондорго райондук аким, РИИБ башчысы, прокурордон башка облустук жана өкмөттүк деңгээлде расмий өкүл келип жолуга элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG