Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жалал-Абадда жер силкинди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдиргендей, 11-августта саат 14:38дер чамасында Кыргызстандын Жалал-Абад аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу Токтогул шаарчасынан түштүк-чыгышты карай 30 чакырым, Кара-Көл шаарынан түндүк-чыгыш тарапка 40 чакырым, Таш-Көмүр шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 90 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Үч-Терек, Кызыл-Уран жана Тахталык айылдарында 3-4 балл, Токтогул шаарчасында 3 балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG