Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Өзбекстанда тажик жараны тыңчы катары соттолду


Тажикстандык Саидкул Ашуров Өзбекстандын аскерий соту тарабынан жабык жараянда 12 жылга кесилген. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын тууганы Облогул Ризоев кабарлады. Ризоевдин айтымында, Ашуров быйыл 5-мартта камакка алынып, Өзбекстандын мамлекеттик сыр боюнча мыйзамдарын бузду деп айыпталган. Тыңчы катары соттолгон Саидкул Ашуров - Британиянын “Оксус Голд” компаниясынын кызматкери. Ал Өзбекстандын аталган компания өзбек тарап менен биргелешип иштетип жаткан Аматайтау алтын кенинде башкы металлург катары эмгектенчү.

“Оксус Голддун” адвокаты Роберт Амстредамдын айтымында, Ашуровдун айыптуу деп табылышы - өзбек бийлигинин адам укуктарын ачык бузушу. Анткени анын камалышы үчүн эч укуктук жүйө жок эле.

Ал эми ташкенттик адам укугун коргоочу, “Оксус Голддун” укуктук кеңешчиси Сухроб Исмоиловдун айтымында, өзбек бийликтери Ашуровдун жеке компьютеринен табылган маалыматты “жашыруун” деп баалашкан. Бирок ал белгилегендей, табылган маалыматтын баары эле “Оксус Голд” компаниясынын интернет сайтында тургандыктан жашыруун боло албайт. Исмоилов кошумчалагандай, Ашуровдон табылган жалгыз жашыруун маалымат алтынды ташуу жагы каралган 2009-жылкы документ болгон. Бирок убактысы өтүп кеткендиктен ал деле мааниге ээ эмес.

Сукроб Исмоиловдун пикиринде, Ашуровдун соттолушунун эки жүйөсү болушу мүмкүн. Биринчиси, “Оксус Голд” менен өзбек бийликтери ортосунда компанияны көзөмөлдөө үчүн жүрүп жаткан талаш же Тажикстан менен Өзбекстан ортосундагы “тыңчы согушу”. Эки өлкө акыркы жылдары тыңчы деген айыпты бири-биринин бир нече жаранына таккан.

XS
SM
MD
LG