Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Сотторду тандоо кеңешине 436 арыз түштү


Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 11-июлдан 4-августка чейин Сотторду тандоо кеңешинин дарегине жалпы 436 арыз жана даттануу түштү. Алардын ичинен 155 арыз Жогорку Сотко тандалган судьялардын талапкерлигине байланыштуу түшкөн. Буга чейин президент Роза Отунбаева Соттордун тандоо кеңешинин дарегине айтылган сын-пикирлер, даттануулар тыкыр иликтенип чыгаарын билдирген.

Сотторду тандоо кеңеши август айынын башында Жогорку Соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын тандап чыккан. Судьялардын тандалышы коомчулукта чоң талкуу жаратып келе жатат.

15-августта Сотторду тандоо кеңеши кезектеги жыйынын өткөрөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG