Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

13-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 13-августта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 29…31 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG