Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Орус жаранынын өлүмү боюнча 7 адамды кызматтан алуу сунушталды


Базар-Коргондо Орусия жараны Усманжан Холмирзаевдин сабалып, набыт болушу боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү менен Жалал-Абад облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерин иштен алуу сунушталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов билдирди.

Мындан тышкары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин кызматтык жоопкерчиликке тартуу боюнча да сунуштар берилди. Бул сунуштар боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алына элек.

Буга чейин маалым болгондой, 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Усманжан Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан Холмирзаев үйүнө кечки сегиздер чамасында келип, милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. Соттук медициналык-экспертизанын жыйынтыгында каза болгон адамдын көкүрөк тушундагы сөөктөр сынганын, денесине оор залакат келгени аныкталган.

Натыйжада райондук прокуратура бул факт боюнча “кызматтык укуктардан аша чабуу”, "атайлап ден соолукка зыян келтирүү" беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Шералиев Холмирзаев Базар-Коргондо сурак бергенин тастыктап, бирок аны милиция кызматкерлери чындап эле сабап-сабабаганын иликтөө көрсөтөөрүн “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG