Боршайком төрагасы Туйгунаалы Абдраимов президент Роза Отунбаевага кат жолдоп, президенттикке талапкерлердин форумун өткөрүп, анда улуттук ынтымак боюнча меморандум кабыл алууну өтүндү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.
Катында төрага шайлоонун таза өтүшү үчүн талапкерлер ортосунда меморандум кабыл алуу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, бул форумду президент өз жетекчилигине алса деген ниетин билдирген. (KKs)