Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү делген Алманбет Анапияевди өткөрүп берүү өтүнүчүн Бириккен Араб Эмираттарына жиберди. Буга чейин Камчы Көлбаев менен Адилет Касеновду экстрадициялоо өтүнүчү жөнөтүлгөн. Алманбет Анапияев боюнча өтүнүч документтер толук даярдалып бүтө электигине байланыштуу жибериле элек болчу.
Кыргызстан бул өтүнүчтөрүн 2000-жылы 15-ноябрда кабыл алынган БУУнун Улуттар аралык уюшма кылмыштуулукка каршы конвенциясынын негизинде жөнөтүүдө. Бул конвенцияны Кыргызстан да, БАЭ да кабыл алган.
Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарында "зергер буюмдар дүкөнүн тоноду" деген шек менен 18-июлда колго түшүрүлгөн. (KKs)