Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Жаштар парламенти Бажы биримдигине каршы


Кыргызстандын Бажы биримдигине азыр киришине Жаштар парламенти каршы. Бул тууралуу аталган парламенттин депутаттары бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Маалыматка ылайык, Бажы биримдигине каршы добушун 45 депутаттын 44ү берген.

Жаштар парламенти Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстан социалдык-экономикалык абалын көтөрүшү керектигин, антпесе карапайым элге оор болоорун билдирүүдө.

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстандын өкмөтү Орусия, Казакстан жана Беларустан турган Бажы биримдигине кирүүгө дилгир экенин бекиткен.

Жаштар парламенти Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын демилгеси, АКШнын колдоосу менен алты айлык долбоор катары 20-июнда түзүлгөн. Бул парламентке аймактардан келген 60 жаш активист тандалып алынган.

Жаштар парламентти мамлекеттик расмий эмес орган. Бул парламенттин мүчөлөрү кайсы бир мыйзам долбоорлорун даярдап, Жогорку Кеңешке сунуштаса болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG