Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Кодиров: Обаманы өлтүрөйүн деген эмесмин


АКШ президенти Барак Обаманы өлтүрүүгө аракет жасаган деп айыпталган 21 жаштагы өзбек жараны Улугбек Кодиров өзүнө коюлган күнөөлөрдү моюндабастыгын “Бирмингем ньюс” басылмасына маалымдаган.

Кодиров 13-июлда М 15 үлгүсүндөгү автоматты атайын кызматтын өкүлдөрүнөн сатып алып жаткан жеринен кармалган. АКШ прокурору Жойс Уайт Ванс Улугбек Кодиров бир нече ирет АКШ президентине кол салууга аракеттенген деп айтууда.

Кодировдун күнөөлөрү далиденсе, президенттин өмүрүнө коркунуч туудурганы үчүн беш жыл, мыйзамсыз курал сактаганы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG