Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:07

Бектур Асанов талапкерлигин кайтарып алды


“Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Бектур Асанов талапкерлигин расмий түрдө кайтарып алганын Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты. Өткөн жекшембиде “Ата Мекен” партиясынын курултайына Бектур Асанов да катышып, өз талапкерлигин “Ата Мекен” лидери Өмүрбек Текебаевдин пайдасына кайтарып алаарын ачыктаган.

Боршайкомдун акыркы маалыматына ылайык, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 57ге жетти. Бүгүн “Ар-намыс” партиясынын талапкери белгилүү болот. Ал эми Cоциал-демократиялык партиясы 14-августта курултайында талапкерин тандамакчы.

Кыргызстанда 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо 15-август күнү кечинде аяктайт. (KKs)

XS
SM
MD
LG