“Ар-намыс” партиясы бүгүнкү (13-августтагы) жыйынында өз мүчөсү Анарбек Калматовду президенттикке талапкер катары тандады. Талапкерди тандоо жыйынына 40 туруктуу делегаттын 27си катышты. Бул жыйынга партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров келген жок.
Анарбек Калматов 9-июлдагы “Ар-намыстын” курултайында да Акылбек Жапаровдон ашып өтүп, талапкер катары тандалган. Бирок мүчөлөр арасында пикир келишпестик чыгып, жыйынтык жокко чыгарылган. Андан көп өтпөй Акылбек Жапаров шайлоого катышуу ниетин БШКга билдирип, өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн катарын толуктаган. Жапаров 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптын натыйжасында кулаган мурдагы бийликте вице-премьер-министр болгон.
“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов болсо быйылкы президенттик шайлоого катышпай турганын буга чейин жар салган. (KKs)