Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

14-августта күн ачык болот


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча 14-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33, Баткен аймагында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 6…11 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG