Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Отунбаева: Региондо террорчулук күчөп баратат


Казакстандын Астана шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун бейформал жыйынында сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева саммиттин катышуучуларынын көңүлүн региондо терроризм менен экстремизм коркунучу күчөп бараткандыгына бурду. Мындан тышкары террористтик жана экстремисттик топтор ЖККУ өлкөлөрүнүн аймактарында жашыруун иш алпарган түзүмдөрдү пайдалануу активдешип жатканын айтты:

"Бул коркунучтар барган сайын түрүн өзгөртүп, көп кырдуу болуп баратканы алар менен ар кыл позициядан күрөшүүнүн ыкмаларын жана жолдорун кайрадан таразалап чыгууну талап кылууда. Анын ичинде – биргелешкен иш-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, аскерий-техникалык жактан гана эмес, экономикалык жактан да өз ара колдоо көрсөтүү зарыл. Бул коркунучтарга каршы туруу үчүн ЖККУ алкагында гана эмес, ШКУ, ЕврАзЭС, КМШ сындуу регионалдык уюмдардын алкагында да өз ара байланышты чыңдоо аркылуу натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн”, - деди Р.Отунбаева.

Мамлекет башчысы жакын арада АКШнын жана НАТОнун күчтөрү Ооганстандан чыгарылгандан кийин региондогу абалга карата ЖККУ мамилесин чагылдырган документ иштелип чыгышы керектигин белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 12-августта өткөн саммиттин жүрүшүндө ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн глобалдык жана регионалдык коркунучтарды туудурган маселелер, уюмга кирген мамлекеттердин өз ара байланыштарынын натыйжалуулугу, ЖККУнун башка эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланды. (KKs)

XS
SM
MD
LG