Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Талапкер көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктаарына 1 күн калды


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” билдиришинче, президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү 15-августта түнкү саат 12де аяктайт. Азыркы тушта президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 57ге жетти.

БШК бул адамдарды талапкер катары каттай элек. Алгач алардын экиден ыйгарым өкүлдөрүн каттоодон өтөт. Андан соң бул эки өкүл тийиштүү документтерди топтоп, талапкерди каттатуу багытында БШК менен иш алып барат.

Шайлоого катышууну каалаган бул жарандар, президенттикке талапкер каттары каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Мындан тышкары бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG