Ливияда козголоңчулар Муаммар Каддафиге ыктаган күчтөр менен айыгышкан салгылашуулардан кийин Завия шаарын өз көзөмөлүнө алышканы кабарланууда. Калаа борбор шаар Триполиден 50 километр алыстыкта жайгашкан.
Каддафичил күчтөрдүн калдыктары, анын ичинде көзгө атаарлар шаарда дагы эле кала берүүдө. Эрегешчилер кийинки максат – Триполини алуу дешет. Каддафинин режимине каршы көтөрүлүш 6 айдай мурун башталган эле. Апрелден бери козголоңчулар менен өкмөттүк армия ортосундагы жаңжал туңгуюкка такалды.