Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:22

Чүйдүн жайыттарын өрт чалды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 14-августта Чүй облусунда бир убакта эки жайытты өрт каптады. Маалыматка ылайык, кечээ саат күндүзгү ондор чамасында Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнө караштуу деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан Жыламыш жайлоосунда өрт чыккан. Болжол менен 100 гектар кургак чөп күйүп жатат. Азыр өрт өчүрүлө элек.

Мындан тышкары 14-августтун түнү Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылындагы тоодо да өрт катталган. Болжол менен 300 гектар кургак чөп күйгөн. Бул өрт саат 00:55те толук өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Кырсыктардын себептери иликтенүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG