Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Төрага митингге чыккандар менен жолугушат


Ак үй алдына митингге чыккан адамдар менен Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков жолукканы жатат. Парламенттен “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, азыр Ак үй алдына эки топ митинг уюштурууда. Алардын бири 7-апрель окуялары боюнча соттук териштирүүнү аягына чыгарууну талап кылып, экс-коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулганына каршы чыгышса, экинчи топ судьялардын тандалышына нааразы болууда.

Жогорку Кеңештин саат 9:30га белгиленген кезексиз жыйыны дале баштала элек. Бул жыйында депутаттар жакында тандалган Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын талкууга алмак. (KKs)

XS
SM
MD
LG