Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Казак туристтин сөөгү мекенине жиберилди


Ысык-Көлдүн жээгинде ур-токмокко кабылып, алган жараатынан кечээ Бишкекте көз жумган казак туристи Ерлан Балмахаевдин сөөгүн жакындары мекенине алып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сакто министрлигинин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов билдирди. Балмахаевди ишемби күнү Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан Бишкектеги Улуттук госпиталга которушуп, ошол эле күнү анын башына дагы бир операция жасалган. Бирок бул операцияны туристтин жүрөгү көтөрө албай калган.

Казакстандан Ысык-Көлгө эс алууга келген Ерлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолуп, сабалган. Анын баш мээси чайкалганы айтылып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасында башына операция жасалган. Бирок турист эсине келген эмес. Президент Роза Отунбаева казак жаранын сабагандарды табууга чакырып, анын иликтенишин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өзү көзөмөлдөөрү кабарланган. Казак жаранынын өлүмү интернеттеги социалдык тармактарда талкуу жаратууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG