Бүгүнкүгө белгиленген былтыркы 7-апрель окуялары боюнча соттук отурум жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу өтпөй калды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, сотко келбеген жабырлануучулар Бишкектеги Ак үй алдында митингге чыгып, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулушуна нааразы болушууда.
7-апрель окуяларындагы ок атууларга тиешеси бар деп шектелген 28 адамдын иши каралган апрель соту ар жума дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин өткөрүлүүгө тийиш эле. Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев өткөн аптадагы соттук отурумда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. (KKs)