Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Президенттин басма сөз кызматы Э.Каптагаевдин митингге тиешеси жоктугун билдирет


"Президентинин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаровдун бүгүн Ак үйдүн жанында өтүп жаткан митингди “президент аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев уюштуруп жатат” деген сөзү чындыкка жатпай тургандыгын расмий түрдө билдирет жана такталбаган маалыматка таянып маалымат таратуу депутатка жарашпай тургандыгын белгилейт. Президент аппараты депутат Жапаров өз сөзүнө тактоо киргизип, айткан сөзүнөн баш тартат же айткандарын далилдеп бере турган фактыларды жарыялайт деп үмүттөнөт".

Бул жагдай боюнча Садыр Жапаров комментарий бере элек. Учурда Ак үй алдында соттордун тандалышына жана мурдагы коргоо министринин үй камагына бошотулганына нааразы болгондор митинг өткөрүүдө. Алар менен депутаттар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG