Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:40

Президенттикти эңсегендердин саны 70ке жетти

Боршайкомдун басма сөз кызматынын бүгүн түшкү маалыматтары боюнча, президенттик шайлоого катышуу ниетин БШКга Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин окутуучусу Салмоорбек Дыйканов, “Чолок-Туума” айыл чарбасынын жетекчиси Калыбек Арабаев билдиришти. Ошондой Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин Кыргызстандын социал-демократтар партиясы, Токтайым Үмөталиеваны “Жашасын Кыргызстан” партиясы көрсөттү. Натыйжада президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 70ти чапчыды. Булардын ичинен 14 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлсө, 56сы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү бүгүн түнкү саат 12де аяктайт. (KKs)
XS
SM
MD
LG