Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Президенттик шайлоодо 23 өлкөдө добушкана ачылат


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн Кыргызстандан тышкары 23 өлкөдө 29 шайлоо бекети ачылат. Чет өлкөдөгү кыргыз атуулдары Кыргызстандын элчилик жана консулдуктарында гана добуш беришет. Бардыгы республика боюнча 2289 шайлоо участкалары түзүлөт.

Былтыр күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү ачылган. Бул шайлоодо жаңы мыйзамга ылайык шайлоо бекеттеринин санынын кыскарышы бир катар саясий партиялардын, чет өлкөдөгү кыргыз атуулдарынан түзүлгөн уюмдардын нааразылыгын жаратууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG