Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

БШК: Президент болом дегендер 75ке жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын күндүзгү саат төрттөгү маалыматы боюнча президенттик шайлоого катышууну каалаган адамдардын саны 75ке жетти. Бүгүн түштөн кийин жеке адвокат Айсалкын Карабаева, убактылуу иштебеген Таалайбек Токтогазиев менен Айбек Садыков, пенсионер Арстанбек Осоев, On Clinic Bishkek медициналык борборунун жетекчиси Шамшыбек Медетбеков шайлоого катышуу ниетин билдиришти. Ошондой эле “7-апрель жаштар кыймылы” партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Аскер сотунун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов арызын кайтарып алды.

Президенттик шайлоого катышууну каалаган 75 адамдын 15и саясий партиялардан көрсөтүлсө, 60ы өзүн-өзү көрсөттү.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү бүгүн түнкү саат 12ден кийин жыйынтыкталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG