Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Милиция 16-августтан тарта күчөтүлгөн тартипке өтөт


Ички иштер министрлигинин жеке курамы 16-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирүүдө. Мындай чара Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдык мааракеси жана Курманжан Датканын жылын белгилөөгө байланыштуу кабыл алынды. Мындан улам коомдук жайларда кайгуул күзөт кызматкерлеринин саны көбөйтүлүп, жол коопсуздугу да тыкыр көзөмөлгө алынат. Майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылууга 4,5 миң милиция тартылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG