Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы кызматтан кетти


Жогорку Кеңештин саат алтыда кайра уланган кезексиз жыйынында Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кете турганын жарыялады. Ал өзүнүн дарегине айтылган сындарга макул эместигин, бирок кеңештин айланасындагы соңку жагдайлардан улам төрагалыкты тапшырып берип жатканын ачыктады. Буга чейин бир катар депутаттар Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо алешемдиктер кеткенин, мындан улам аларды тандаган Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Базарбековдун кызмат кетиши керектигин билдиришкен.

24 кишиден турган Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сотко 29, Конституциялык палатага 11 судьянын талапкерлигин тандашкан. Алардын талапкерлигин президент учурда карап жатат. Бүгүн президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңешке Конституциялык палатанын үч судьясынын талапкерлигин көрсөттү. Бул талапкерлерди түштөн кийин парламенттеги тийиштүү комитеттер карап чыкты. Эми Жогорку Кеңеш үч талапкердин шайлоо маселесин кароого тийиш. Ал үчүн парламенттин бүгүнкү кезексиз сессиясынын мөөнөтү узартылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG