Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Түркия Сирияны элди күч менен басууну токтотууга үндөдү


Сириянын ортолугундагы Хомс провинциясынын бир нече шаарына танктар коштогон аскерлер киргени, үйлөр ок астында тинтилгени кабарланууда. Адам укугун коргоочу сириялык эки уюмдун билдиришинче, Хула шаарына танктардын коштоосунда кирген жоокерлер үйлөрдү тинтип, адамдарды камакка алып жатканда катуу аткылашуулар болгон. Порттуу Латакия шаарында да катуу аткылашуулар болгону маалымдалды. Адам укугун коргоочулардын айтымында, жекшембиден бери Латакиядагы аткылашууларда 27 киши набыт болгон.

Түркиянын ички иштер министри Ахмет Давутоглы Сирия жетекчилигине кайрылып, нааразылык акциясына катышкан адамдарга каршы аскерий операцияны токтотууга чакырды:

"Сириялык жоокерлер шаарлардан чыгып кетүүгө жана турмуш кадимки жолуна түшүүгө тийиш. Эгер бул операция токтобосо, жасалчу кадамдар тууралуу эч нерсе айтып болбойт. Биз бул операция токтотулсун деп талап кылабыз жана талап аткарылат деп күтөбүз".

XS
SM
MD
LG