Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Иракта 60 адам бейажал өлдү


Кечээ Ирактын ондон ашык шаарларында болгон бомба чабуулу бери дегенде 60 адамдын өмүрүн жалмап, 200дөн ашуун адамды жарадар кылды. Анын ичинде ортолуктагы Кут шаарынын борбордук бөлүгүндө жарылган эки бомбадан 34 адам курман болду, 60тан ашуун адам жараат алды. Ирактын түштүгүндөгү шиит калктуу Нажафта унаачан жанкечти полиция бекетинин жанында жардырган бомбадан төрт киши набыт кетти. Түрдүү чабуулдар Тикрит, Киркук, Кербала, Бакуба, Багдад жана башка шаарларда болду.

XS
SM
MD
LG