Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:49

Таласта сот өкүмүнө каршылар митингге чыгышты


Уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп соттолгон үч адамдын 300гө жакын жакындары Талас облустук администрациянын алдында митинг өткөрүшүүдө. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, чогулгандар соттолгон үч адам күнөөсүз экенин, соттук отурумда алардын күнөөлөрү толук далилденбегенин айтышууда. Мындан улам туура эмес чечим чыгарган сотторго чара көрүп, соттолгондорду актоону талап кылышууда. Чогулгандар менен Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева жолугушуп, облус бийлиги соттордун ишине кийлигишпей турганын ачыктады.

Жакында Талас шаардык соту уюшма кылшыштуу топтун алкагында кылмыш жасады деп Кыргызбай Култаев менен Рыспай Ниязбековду 16 жылга, Эркин Чекировду 14 жылга эркинен ажыраткан. Анда аталган адамдардын күнөөлөрү далилденгени белгиленген.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кыштан бери алты ай ичинде Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөсү делген 175тен ашык адамды кармалган. Жалпы 60 кылмыш иши сотко жиберилип, 20 иш боюнча сот өкүмү чыккан. (MbA/KKs)

XS
SM
MD
LG