Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Апрель соту кайрадан жылдырылды


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, 7-апрель окуялары боюнча соттук отурум бүгүн да жылдырылды. Буга жабырлануучу тараптын соттук отурумга келбей калганы себеп болгон. Соттук отурум кечээ да болбой калган. Кечээ жабырлануучулар мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулушуна нааразы болуп, Бишкектеги Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

2010-жылдын 7-апрелиндеги ок атууларга байланыштуу жалпы 28 аткаминер сот жообуна тартылууда. Өткөн аптада мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулуп, бул жагдай жабырлануучу тараптын катуу каршылыгын жаратып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG