Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Чоң-Алайдагы жол тосуу токтоду


Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылынын тургундары Ош – Сары-Таш – Кара-Мык жолун тосууну токтотушту. Айылдын тургуну Нурбек Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында атайын комиссия түзүлүп, кендерди изилдеп чыкканга чейин алтын чыгаруучу эки компания да ишин убактылуу токтото турган болду.

Дароот-Коргон айылынын тургундары 4-августтан бери Кытайдын "Азия голд интепрайс" жана “Интербизнес Кайди” ишканаларынын Чоң-Алайда алтын кенин иштетишине нааразы болуп, кен иштетүү менен экология бузулган айтышып, кенге каттаган унааларды өткөрбөй жатышкан.

Жергиликтүү акимчилик бул компаниялар лицензия менен иштеп жатканын, алар иштеткен кендин зыяны жоктугун белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG