Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Ажылык сапардын болжолдуу баасы такталды


Муфтияттын басма сөз кызматкери Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул жылы ажылык сапарды баасы болжол менен 2300 доллардан 2600 долларга чейин жетет. Сауд Арабияга түз каттаган учактар жок болгондуктан, башка өлкөлөр аркылуу учуунун баасы азырынча тактала элек. Мындан ажылык сапардын баасы боолголонуп жатат. Бул баа ажылык сапардагы баштан аяк бардык чыгымдарды камтыйт.

Кыргызстандыктар бул жылы октябрь айынан тарта ажылык сапарга жөнөй башташат. Башка жылдардан айырмаланып, быйыл визалар учакка түшөөр алдында гана берилмекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG