Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы расмий түрдө кызматтан кетти


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков төрагалык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазып, анын чечимин кеңештин дээрлик бардык мүчөлөрү колдошту. Базарбеков Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында кызматтан кетерин, бирок судьялардын тандалышындагы алешемдиктерге эч кандай тиешеси, күнөөсү жок экендигин билдирген.

24 кишиден турган Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекиген. Алар Жогорку Сотко жана Конституциялык палатага тандаган судьялар жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан. Кеңештин төрагасы Базарбековго бир катар депутаттар каршы пикирин билдирип чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG