Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Беларус элчилигинин алдында митинг өтүп жатат


“Жаз” деп аталган митингди “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму уюштурду. Учурда элчилик алдында 10 чакты адам Беларустагы авторитардык кысымга каршылыгын билдирип, укук коргоочу Аляс Беляцкийдин камактан чыгарылышын талап кылууда.

“Весна” беларус укук коргоо уюмунун жетекчиси Аляс Беляцкий 4- августта каржылык иликтөө департаментинин кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Беляцкий Беларустагы тынч демонстрацияларды өкмөт кантип күч менен басып жатканын социалдык сайттар аркылуу байма-бай чагылдырып келген.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Беляцкий Кыргызстанга эки жолу келип, өлкөдө адам укуктарынын корголушуна жана демократиялык жараяндардын алдыга жылышына салым кошуп кеткенин белгилейт. Исмаилова бул акция менен жергиликтүү укук коргоочулар Беляцкийге колдоо көрсөтүп, тилектештигин билдирип жатканын айтты. (EK)

XS
SM
MD
LG