Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Мэрдин уулу жол кырсыгына учурап, 3 киши каза тапты


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмуркуловдун 29 жаштагы уулу Азамат Исаев жол кырсыгына учурап, андан 3 адам каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуя 15-августта Бишкек-Торугарт жол каттамынын 65-чакырымында түнкү саат экилерде орун алган. Анда 12-50ВS мамлекеттик номурлуу Toyota Land Cruiser жана Audi үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.

Toyota Land Cruiser унаасындагы Азамат Исаев жана анын жанындагы бир жүргүнчү аман калып, "Аудидеги" айдоочу жана эки жүргүнчү каза болушту.

Бишкек мэри Иса Өмуркулов уулу жол кырсыгына учураганын “Азаттыкка” тастыктап, эгер уулунун жол кырсыгына күнөөсү бар болсо, ал мыйзам чегинде жооп берерин билдирди. Мэр уулунун абалы оор болгонун кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG