Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

БШК 23 талапкердин өкүлдөрүн каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү кезектеги жыйынында президенттик кызматка талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

БШК президенттикке талапкерлер Ө.Эгембердиев, И.Масалиев, М.Абылов, М.Иманкулов, Г.Ибрагимова, Ш.Медетбеков, Б.Кудайбергенов, А.Жапаров, Н.Түлеев, М.Султанов, М.Боромбаев, Т.Асанбеков, Ж.Токтогазиев, Ж.Сатыбалдиев, Т.Колубаев, Ө.Текебаев, А.Сариев, А.Атамбаев, А.Карабаева, Н.Алымкулов, А.Абышев, К.Исабеков, К.Байболовдун өкүлдөрүн каттады.

Ошондой эле президенттикке баруудан баш тарткан Б.Аземкуловдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Мындан тышкары дагы бир талапкер К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болуудан баш таркан адамдын арызы боюнча ал адамдын да милдеттерин токтотуу тууралуу чечим чыкты. (EK)

XS
SM
MD
LG