Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Берлинде массалык автоунаа өрттөө уланып жатат


17-августка оогон түнү 17 автоунаа өрттөн жабыркады. Тартип сакчылары автоунаа өрттөөнүн басымдуу бөлүгү саясий өңүттө болуп жатат дешти. Өрттөлгөн машиналардын көпчүлүгү кымбат баалуу болуп эсептелет.

Берлин полициясынын бул иштерди иликтөө менен алектенген өкүлү Штефан Редлих кечинде болгон окуя боюнча буларды айтты:

- Автоунааларды өрттөө ар кандай себептерден болушу мүмкүн. Муну атайын да жасашат, кепилдик мекемелерин алдоо үчүн же мурда жасалган кылмыштарын жашыруу үчүн да жасашат. Экстремисттик топтор да өз билдирүүлөрүн коомго алып чыгуу үчүн жасашы мүмкүн. Азырынча айтуу кыйын. Биз колдонуп жүргөн ыкмаларга ылайык, Берлинде болжол менен ар бир экинчи машинаны саясий өңүттө өрттөшөт.

Шейшембиге караган түнү да 11 автоунаа өрттөлгөн. Ушундай эле көрүнүш 12-июлда да кайталанган. Күч кызматтары ушул жылдын алгачкы 7 айында эле саясий өңүт менен 80 автоунаа өрттөлгөнүн маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG