Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Украинанын мурдагы президенти күбө катары сурак берди


Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко 2009-жылы Орусия менен газ жаатында келишим түзүүдө ыйгарым укугунан аша чапкан, мамлекетке көптөгөн чыгым алып келген деген кине менен соттолуп жатканына байланыштуу мурдагы президент күбө катары суракка келди. Сотко экс-президент Виктор Ющенко менен күбө катары көрсөтмө берүүгө өз учурунда Энергетика коопсуздугу боюнча эл аралык өкүл Богдан Соколовский да келди.

Сурак учурунда Ющенко мурдакы премьерге каршы өңүттө көрсөтмө берип, Орусия менен газ келишимин жокко чыгарууну сунуштады.

Ал эми Тимошенконун жактоочулары сот имаратынын жанында Ющенкого "уят", "саткын" деп кыйкырып турушту.

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко мындан 2 жыл мурда Орусия менен кол коюлган келишимге байланыштуу 5-августта камакка алынган.

XS
SM
MD
LG