Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Укук коргоочулар Египеттин аскер өкмөтүнө кайрылды


Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Египеттин аскерий жетекчилигине кайрылып, өкмөткө каршы ураандарды чакырганы үчүн алты айга эркинен ажыратылган эки активистти абактан бошотууну сурашууда.

Соттолгондордун бири, 18 жаштагы улан 2-августта Каирдин борбордук аянтындагы митинг күч менен куулган кезде кармалган. Бул нааразылык акциянын катышуучулары бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылашкан.

Февралда президент Хосни Мубарак тактыдан кулатылгандан бери өлкөнү башкарып жаткан генералдар президенттик шайлоодон кийин бийлик жарандык өкмөткө өткөрүп берилет деп убада кылган. Бирок шайлоо качан болору азырынча беймаалым.

XS
SM
MD
LG