Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:23

Түркия күрт согушчандарынын базаларына сокку урууда


Түркиянын аскерий күчтөрү Ирактын түндүгүндө күрт козголоңчуларынын базалары деп шектелген жайларга абадан сокку ура баштаганы маалымдалууда.

Абадан чабуул шаршемби күнү күрт согушчандары Иракка чек аралаш Хаккари провинциясында буктурмага алып, сегиз түрк аскерин жана кыштактын кароолун жок кылганга жооп ирети жүргүзүлүүдө. Мааламаттарга караганда, учактар Күртстан жумушчу партиясынын согушчандарынын тоолуу Хандил регионундагы жана башка аймактардагы базаларына урулууда.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган 16-август күнкү кол салууну айыптып, аскерлерди өлтүргөндөр сазайын аларын эскерткен.

Серверде ката

Oops, as you can see, this is not what we wanted to show you!

This URL has been sent to our support web team to look into it immediately. Our apologies.

Please use Search above to see if you can find it elsewhere

XS
SM
MD
LG