Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Чаушескинин ысмы Румынияга киреше берет


Румынияга саякатка барган адамдар жакындан тарта мурдагы коммунист-диктатор Николае Чаушескиге байланыштуу маанилүү жайларды кыдырып көрө алат. Өлкөнүн туризм министри Елена Удреанын шаршемби күнкү телеберүүдө айтышынча, азыр коммунизмдин жана диктаторлуктун изин көрсөтчү "кызыл алкак" такталууда.

Туристтерге көрсөтүлчү жайлардын тизмесинде Чаушескинин киндик каны тамган кыштак, ал 1930-жылдары отурган абак, диктатор 1989-жылы 21-декабрда элге акыркы жолу кайрылган үйдүн балкону да бар. Чаушески жана зайыбы Елена 1989-жылы 25-декабрда өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG