Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Түркиянын учактары күрд согушкерлерине сокку урду


Кабарларга караганда, Түркиянын армиясы күрд согушкерлеринин Ирактын түндүгүндөгү турумдары деп эсептелген жерлерге абадан чабуул жасады. Бул чабуул Түркиянын сегиз аскеринин жана кыштак сакчысынын күрд согушкерлери тарабынан буктурмадан өлтүрүлүшүнө жооп болду окшойт.

Түрк армиясынын билдиргенине караганда, абадан күрд согушкерлеринин алтымыштай жайы бутага алынды жана жортуул жасаган учактар базаларына кайтып келди. Түндүк Ирактын күрд согушкерлери жашырынып жүрөт деген тоолуу аймактары абадан сокку урулганга чейин артиллериядан аткыланган.

Абадан операция 17-августта Түркиянын аскерий кербени Ирактын чек арасына жакын Хаккари провинциясында буктурмага кабылгандан кийин башталган. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган кол салууну айыптап, жоопкерлер кун төлөрүн айткан.

Түркияда мыйзамсыз деп эсептелген Күрд Жумушчу партиясы күрддөр жашаган аймактын автономиясы үчүн 1984-жылдан тарта баштаган куралдуу күрөштөн азыркыга чейин 40 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG