Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

АКШ менен Кытайдын вице-президенттери жолугушту


Бүгүн АКШнын вице-президенти Жо Байден кытайлык кесиптеши Си Цзинпин менен жолугушуп, тараптар экономика тууралуу сүйлөштү.

Жолугушуу маалында Жо Байден АКШ менен Кытайдын кызматташтыгы глобалдык экономика үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.

Байден кошумчалагандай, глобалдык экономиканын саламаттыгы АКШ менен Кытайдын тил табыша аларына байланыштуу.

Кытайдын вице-президенти АКШны “жалпы жоопкерчиликти” көтөрүү үчүн кеңири кызматташтыкка үндөдү:

- Биздин мойнубузда мындан да маанилүү жалпы милдеттер бар. Кытай менен АКШнын кызматташтыгы бекемделишин көрүү АКШ жана Кытай элинин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн биргелешкен каалоосу. Биздин эки улуу элдин алакасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн биз сиздер менен иштешүүнү каалар элек.

АКШнын баалуу кагаздарынын, башкача айтканда карыздарынын эң ири кармоочусу болгон Кытай өлкө ушул айдын башында дефолтко жакындап, рейтинг агенттиги АКШнын кредиттик рейтингин төмөндөткөндө катуу камтамачылыгын билдирген.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, вице-президент Байден бул жолку сапары учурунда Кытайдын камтамачылыгын басуу үчүн АКШнын бюджет таңкыстыгын кыскартуу боюнча пландары менен тааныштырат.

Ага катар америкалык вице-президент Кытайды өзүнүн реформаларына көңүл бурууга, улуттук акча – юандын курсун атайлап кармабоого, экономикасынын экспортко көз карандылыгын азайтууга, жарандарынын укуктарын көбүрөөк кепилдөөгө чакырмакчы.

XS
SM
MD
LG