Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Жаштар саясаты боюнча жаңы концепция даярдалууда


Бүгүн Бишкекте жаштар саясатына арналган концепция талкууланды. Жаштар министри Алясбек Алымкуловдун айтымында, бул концепцияны даярдоо үчүн алар бардык облустарды кыдырып, айыл өкмөттөрүнүн деңгээлине чейин иш жүргүзүп, жаштардын ой-пикир, сунуштарын укканга аракет кылышкан.

Концепциянын башкы максаты – жакынкы беш жылда жаштардын өнүгүү багытын, келечегин аныктоо болуп саналат. Концепция мамлекеттин өнүгүү багытына ылайык жыл сайын өзгөрүп турат. Бул документ сентябрь айы ичи толук иштелип чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүлгөнү жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG