Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Израил согушчандарга абадан жана жерден жооп берүүдө


Израил согушчандардын чабуулуна жооп ирети Газадагы буталарга абадан жана жерден сокку урду. Израилдин контр-чабуулу жети согушчанды жок кылганы айтылат.

18-августта согушчандар Кызыл деңиздин жээгиндеги Ейлат шаарына катма-кат жасаган чабуулда 8 израилдик өлүп, 25тен ашуун адам жарадар болгон. Бул кол салууну Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана БУУнун жетекчилиги айыптаган.

Маалыматтарга караганда, чабуулду ХАМАС менен кызматташкан Элдик каршылык көрсөтүү комитетинин мүчөлөрү уюштурган. Газа секторун бийлеген ХАМАС кыймылы чабуулга тиешеси жок экенин билдирген. Израилдик учактар Египет жак чек арасында согушчандарды такымдап жүрүп абадан урган соккудан бейшемби күнү кечинде египеттик эки полициячы курман болгон. Бул жөнүндө Египет тарап кабарлады.

XS
SM
MD
LG