Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кеминде 280 гектар жайытты өрт чалды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 18-августта кечке жуук Кемин районунун Алмалуу айылына караштуу 280 гектар чабылган арпа, буудайдын талаасы өрттөнүп кетти. Кырсыкты токтотууга райондук өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү 25 адам катышып, өрт түн жарымында гана өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан чыккан. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Маалыматка ылайык, жай айларында Кыргызстандын аймагында буудай аянттары, жайыттар өрттөнүп кеткен учурлар көп катталууда. Буга ысык аптап жана жарандардын этиятсыздыгы себеп болгону кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG